Асел Турдалиева өзү боёп… Искусство университетинде ишембилик өттү

Кечээ, 15-апрелде Бүбүсара Бейшеналиева атындагы КММИУнун окуу корпусунун фойеси иретке келтирилип, ишембилик өттү. Бул тууралуу окуу жайдын ректору Түмөнбай Колдошов соцтармактагы баракчасында жарыялады.
«Студенттик жатакананын жер төлөсүн барып көрүп, тез арада ичин тазалоону тапшыргам. Бир жума мурда ишембилик уюштурулган. Бүтпөй калган жумуш кызматкерлердин жана студенттердин күчү менен аяктады. Жашоочулардан, студенттерден тазалыкты, тартипти, жоопкерчиликти камсыздоосун талап кылабыз», — деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, белгилүү ырчы Асель Турдалиева университеттин Тарбия жана чыгармачылык иштер боюнча проректору болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.