Асема курбулары тууралуу: «Бизди уруштургусу келгендер бар, кээде көз тийип кетет»

Бул ирет биз ырчы, актрисалар Гүлнур Асанова, Асем Токтобекова, алып баруучу Саната Жумакадырова жана алардын курбусу Назгүл Айдарбек кызын студиябызга чакырып, кыздар ортосундагы достук тууралуу сүйлөштүк. “Достугубузга 12 жыл болду” деген алар маекте бири-бирине мүнөздөмө берип, өткөн-кеткен окуяларды эстеп, шаңдуу отурушту.

«Алгач мындай курам түзөлү деген ой да болгон эмес. Гүлнур менен адегенде иштешип жүрдүк. Саната менен дагы чогуу жүрчүбүз. Көрсө, баарыбыз бири-бирибизди тааныйт экенбиз. Ушинтип атып эле төртөөбүз болуп калдык», — дейт Асема. 

«2013-жылдары болушу керек эле шерине баштаганбыз. Анда 8-10 кыз бар болчубуз. Ортодо ар кандай нерселер болду. Акырында ушул кыздар терилип калдык. Биз мүнөзүбүз жактанбы же кандайдыр бир жакындыгыбыз барбы ушулар калдык», — деди Назгүл. 

«Кыздарга айтып келем, бири-бирибиз тууралуу жаман ойлобойлу деп. Мен жамандыкта да, жакшылыкта да туруп бергенге даярмын. Бизге суктангандар да көп. Бизге көз да тийип кетет, сөз да тийип кетет. Уруштургусу келгендер да болот», — деди Асема.