Аскат Осмонов менен Аяна Абдаева эл аралык «Face of Asia» сынагына катышып жатышат (видео)

Кыргызстандык моделдер Аскат Осмонов менен Аяна Абдаева эл аралык «Face of Asia» сынагына катышып жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине сынактын катышуучусу Аскат Осмонов билдирди.

Анын айтымында, сынак коронавирус пандемиясына байланыштуу Кореяда онлайн режиминде өтүп  жатат. Анын тандоо туруна Кыргызстандан 200дөн ашуун катышуучу катышкан. Бирок эки адам гана тандоодон өткөн. «Биз биринчи турдан өттүк. Биринчи турда өзүң жөнүндө айтып берип, талантыңды көрсөтүшүң керек болду. Башында 50 модель бар болчу, азыр андан 30у эле калды. Эми экинчи турда улуттук кийимдерди көрсөтүп, Кыргызстанды тааныштырабыз. Өлкөбүз жөнүндө айтып, көргөзүп беришибиз керек. Эки күндөн кийин жыйынтык чыгат. 15 гана модель калат. Анан 14-декабрда топ 10 модель тандалып, Кореяга учушат»,— деди ал.