Аскат Сулайманов: «Азиз мага «кайра кантип элден акча сурайм» деди. Уялды окшойт»

Өмүрүн театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин акыркы күндөрүн кесиптештери эскеришти.

«Мен ооруканага барсам, киргизбей койгон. Апасы экөө чыгып келе жатыптыр. Мени маалымат жыйынга алып бара калчы деди. Мен ошол жерден билдим. Акчаны көрсөтүп, «муну президент» берди, «муну эл берди» деп жатышты. Мен каза болгонун тойдо жүрүп билдим. Соцтармакты ачсам эле сүрөтү менен «арты кайрылуу болсун» деген жазуу жүрүптүр. Ишенбей, Камчы Сарыбаевге чалайын десем, ал мага 3-4 жолу чалыптыр. Мен бир жолу «сен ооруп жатат окшойсуң» дедим. «Жакшы эле» деп койду. Ошондо мага «кайра кантип элден акча сурайм» деди. Уялды окшойт. Мен концерт коебуз, биз сурайбыз» десем, «азыр баары жакшы» деп койгон», — дейт Аскат Сулайманов.