Аскат Сулайманов: «Азиз Мурадиллаев, Камчы Сарыбаев үчөөбүздү «Тригада» деп коюшчу»

Өмүрүн театрга арнаган Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевдин акыркы күндөрүн кесиптештери эскеришти. «1 ай аралыкта Азиз аябай арыктап, ичине суу толуп, буттары шишип кетиптир. Көрүп алып абдан жаман болдум», — дейт кесиптеши актёр, режиссёр Назым Мендебаиров.

«Биз таанышкан учурда Азиз арык, жаш бала болчу. Окуусун Москвадан бүтүп келген, «блатной» болчу да. Орусча сүйлөп кирип келген. Мен ошондо ким экенин сурадым, ошондо тааныштырышты. Мени менен тең экенин айтышты. Ошондон кийин таанышып калдык. Биздин театрга Камчы Сарыбаевден кийин келип иштеп калды. Үчөөбүз тең 1978-жылы туулганбыз. Ошол учурда «Бригада» деген сериал мода болгон. Үчөөбүздү «Тригада» деп коюшчу. Анткени, ыраматылык Азиз Саша Белыйды көп ойночу. Бизге ошолор кумир болчу да. Ошондон кийин сен-мен деп жаман айтышкан эмеспиз»,- деди Аскат Сулайманов.