Аскерлерге ырдаган Гүлназ Чыныбек кызы. Ырчы интернетте тарап жаткан видео тууралуу айтты

Социалдык тармактарда ырчы Гүлназ Чыныбек кызынын ырдап, ырга аскерлерлердин бийлеп жаткандагы видеосу тарады. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырчы видео 17-июлда тартылганын айтты.

«Мен Ошто жүргөндө менеджериме чалып, Молдовановкадагы абакты кайтарган аскерлердин маанайын көтөрүп, ырдап берүүмдү суранышыптыр. Мен макул болуп, Оштон Бишкекке учуп келип, чакан концерт уюштуруп, ырдап бердим. Мага негизи аскерлерге ырдап берүү суранычы көп түшөт. Мен дайыма убактыма жараша макул болом. Анткени алардын күндө эле кайталанган жумушуна көрк кошкум келет. Бул видеону Ютубка кошуп койсом, бир суткада 700 миңге жакын көрүү топтоду»,- деди ал.