Астанада өткөн футболдогу чыр. Актан Рыскелдиев: «Күтүүсүз жерден хайп болдук»

Астанада футбол боюнча МФЛ мелдешинде Кыргызстандын “Top Team” командасы менен Орусиянын “2DROTS” командаларынын оюнчулары мушташып кеткени тартылган видео социалдык тармактарга тараган эле. “Top Team” командасынын өкүлдөрү чыр эмнеден чыкканын айтып беришти.

«Негизи биз, кыргыздар, сабырдуубуз, чыдамкайбыз. Бирок чөйчөк толсо, жарылабыз. Ката кетирсе , кечирим сурап жатты, бирок ошонун баары топтоло берди. Түндө барганда эле достор тосуп алышты. Эртеси карасак, Орусиядан келген команданы аэропортто домбра, боорсок, улуттук кийим менен тосуп алыптыр. Ичибиз күйдү. Анда да кечирим сурап кетишти. Машыгууга талааны да жакшы бербей жатты. Негизи атаандаштарга деле нааразы эмеспиз. Анткени оюнда болгон окуя мыйзам ченемдүү нерсе. Күтүүсүз жерден хайп болдук», — деди ал.