«Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде жаңылануулар болот

Бүгүн, 15-январда «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде ведомстволор аралык көчмө жыйын болуп өттү.

Жыйынга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Тышкы иштер министрлиги, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Архитектура, курулуш жана турак жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Турак-жай жарандык курулуш департаменти, президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлгү, Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы, “Кыргыз реставрация” илимий-изилдөө долборлоо институтунун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Көчмө жыйын “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинин аймагын жакшыртуу жана өнүктүрүү маселелерин жеринде чечүүгө арналып, комплекске баруучу жолдор, жол көрсөткүчтөрдү орнотуу, жашылдандыруу, инфраструктуралык оңдоолор жана аймагын кеңейтүү сындуу маселелер көтөрүлдү. Жыйынтыгында, комплекске зарыл болгон шарттарды түзүү үчүн долбоордук сметаларды, архитектуралык чечимдерди жана сунуштарды жакынкы аралыкта иштеп чыгуу макулдашылды.

Аталган комплекс мамлекет башчылары сындуу даражалуу меймандар келгенде Кыргызстандын тарыхын көз алдыга алып келген жана зыярат кылуучу маанилүү объектилердин бири болуп саналат.