«Ата-энем, үй-бүлөм белек». Аваз Акимов туулган күнүндө акчага көмүлдү (видео)

1-март күнү эстрада ырчысы Аваз Акимов 33 жашын досторунун курчоосунда белгиледи. Туулган күнүндө өзүнө эмес, жубайы Айдана Декага белек кылган Аваз мырзанын туулган күнүндөгү кызыктар.

Аваз Акимов туулган күнүндө эң биринчи жубайы куттуктаганын айтып, белектен баш тартканын айтты. «Таң атпай 2 ата-энем куттуктады. Ар дайым белек берип келишет. Негедир акыркы учурларда белек алгым келбей калды. Убара кылгым келбейт. Ата-энем, үй-бүлөм белек. Ошондуктан эч кандай белектин кереги жок», — деди Акимов. 

Ал эми достору ырчы Ильгиз Абдалиев менен жубайы өз колу менен торт жасап, ичине акча салып келишкен.