«Ата, кулагым качан өсөт» деп жүрөгүмдү эзет». Болот Токтобаевдин кызы операцияга муктаж

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Болот Токтобаевдин кызына операция керектелүүдө. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Жараткан тагдырга эмнелерди гана жазбайт, чыдайт экенбиз, түтөт экенбиз. Сиздер көрүп турган кызым Хадижа 2016-жылы «Атрезия и микротия слухового прохода с левой стороны. Смешанная тугоухость 3-4 степени» диагнозу менен төрөлгөн. Дарыгерлер 3 жашында алып келгиле деген, 3 жашында алып барсак, 6 жашында алып келгиле деди. 6 жашында алып бардык. Эми операция жасатуу керек деди, быйыл апрелде 7 жашка чыгат. «Ата, кулагым качан өсөт? Сиз убада бербедиңиз беле кышта, жазда, жайда өсөт деп тынчымды алып, жүрөгүмдү эзип келет. Колуңуздардан келишинче кызымдын кулагын жасатып алышыма жардам берүүңүздөрдү суранам. Түркияда 30 миң долларга жасайт экен», — деп жазды ал.