Атактуулар кайсы партияны тандашат?

Өлкөдө 4-сентябрдан тартып келе жаткан шайлоонун үгүт кампаниясына старт берилди. Адаттагыдай эле үгүт иштерине шоу-бизнес өкүлдөрү да катышууда. Дегенибиз, белгилүүлөр социалдык тармактагы баракчалары аркылуу партияларды үгүттөп, өз пикирлерин калтырышууда.

Мисал катары айтсак, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков “Республика” саясий партиясын колдоону чечкен. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына “Бүгүнкү күндө “баарына каршы” иштесек болот, бирок андан натыйжа чыгаарына көзүм жетпейт. Ошондуктан партиядан партияга секирбестен, түптөлгөндөн баштап колдоп келген партия менен бирге болууну туура көрдүм” деп жазган.

Ушул эле партияны ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека да колдой турганын социалдык тармактагы баракчалары аркылуу билдиришти.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова келе жаткан шайлоодо “Биримдик” партиясын колдой турганын билдирген.

Ал эми алып баруучу Нурзат Токтосунова аталган партиянын атынан депутатыкка талапкерлигин койгон.

Ырчы Айгерим Расул кызы “Мекенчил” партиясын колдой турганы маалым. Ал өз баракчасына “Көптөгөн партиялар жарнама иретинде иш алып баралы деп жакшы суммаларды сунуштады. Бирок мен акчага кызыкпай, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров түптөгөн “Мекенчил” партиясын колдоону туура көрдүм. Бул партиядан бир сом да алган жокмун” деп жазган.

Ал эми ырчы Асел Кадырбекова социалдык тармактагы баракчасына “Замандаш” партиясынын ролигин жүктөп, үй-бүлөсү менен биргеликте аталган партияны колдой турганын жазган.

Ырчы Съездбек Искеналиев учурда “Социал-Демократтар”, “Ата-Мекен” жана “Замандаш” партияларынын программалары жагып жатканын айтып, ушул 3 партиянын бирин шайлайм дейт.

“Социал-Демократтар” партиясын колдоп, аталган партия менен депутаттыкка талапкерлигин койгондордун арасында актриса Айжан Мырсалиева да бар.

Ырчы KG Элмурат “Бүтүн Кыргызстан” партиясын колдоп келет. Ал бул ирет да аталган партиянын үгүт иштерине активдүү катышууда.

Ал эми ырчы Абидин Темиров аталган партия менен депутатыкка талапкерлигин койгон.

Ырчы Гүланда келе жаткан шайлоодо “Ата-Мекен” партиясын колдой турганын билдирди. Мунун себебин аталган партия менен эл үчүн кызмат кыла турган ишеничтүү адамдар аттанууда деп түшүндүрдү.

Алып баруучу Эркин Нурбаев “Реформа” саясий партиясын колдоп, аталган партия менен биргеликте депутатыкка талапкерлигин койгон.

Ырчы Райкан Абдувалиева жаңы түзүлгөн “Чоң казат” саясий партиясын колдоп, үгүт иштерине активдүү катышууда.

Ал эми эч бир партияны колдобостон, баарына каршы турган атактуулар да жок эмес. Алардын катарындагы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев SUPER TV`га берген маегинде келе жаткан шайлоон унүгүт иштерине катышпай жана эч бир партияны колдобой турганын билдирген.

Ырчы Джонни да социалдык тармактагы баракчасына “Карантинде эл кыйналып жатканда эч биринен дайын жок болчу, азыр эле булуттан чыккан айга окшоп баары тең чыга калышканы жүрөк айлантат. Партиялардан иштешүү боюнча сунуштар түшүп жатат. Бирок мен эч бири менен иштешпейм. Баарына каршы добуш берем” деп жазган.

Ал эми шоумен Бакыт Байсариев добуш берүүгө татыктуу бир да партияны көрбөй жатам дейт.

“Көптөгөн партиялардан үгүт иштерине катышуу боюнча сунуш түштү. Эч бирине макул болгон жокмун. Тилекке каршы, элдин добушу жок эле парламентке кайсы партиялар келе турганы чечилип калган. Башында “Чоң казат”, “Реформа”, “Мекенчил” деген партиялардын программаларын жактыргам. Бирок парламентке келүүгө татыктуу деп эч бир партияны айта албайм. Ошондуктан баарына каршы добуш берем” дейт ал.

Актёр Болотбек Тилек да дал ушундай пикирде. “Карантинде ыктыярчылар элге жардам кылуу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып чуркап жүрүшсө, депутаттар каникулга тарап кетишти. Азыр кайра эле ошол жүздөр талапкерлигин коюп жатышат. Мындан улам эч бир партияны колдобойм жана аларга добуш бербейм” дейт актёр.

Ошондой эле ырчы Гүлназ Чыныбек кызы азырынча кайсы партияга добуш береримди чече элекмин дейт.

“Өзүм саясаттан алыс болгондуктан, азырынча кайсы партияга добуш береримди билбей турам. Шайлоого чейин бардык партиялар менен таанышып, анан бир чечимге келем го. Бирок шайлоого сөзсүз барам. Өлкөнүн келечегине кайдыгер мамиле кылбайм” дейт.

“Бир Бол” саясий партиясынын үгүт иштерине актёр жана вайнер Эмил Эсеналиев, Кадыр Жарматов, Садык Нышанбай уулу активдүү катышууда. Бирок кайсы партияны колдой тургандыгы боюнча так билдирүү калтырышкан эмес.

 

Айрым маалыматтар ачык булактардан алынды, алдыда дагы толукталат. Келечек – биздин колубузда! Добушубузду сатпай, жаркын келечек үчүн татыктууларды тандайлы!

 

Видео төмөнкү тиркемеде:

 

Атактуулар кайсы партияны колдошот?