Өткөн жылы 9-июнда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, залкар талант, мыкты актёр Марат Жантелиев оорудан улам дүйнө салып, кыргыз кино тармагы оор жоготууга учураган. Маркумдун жылдыгында ал жашаган үйгө барып куран окуп, апасы, жубайы, уул-кыздары менен маек курдук.
Марат Жантелиевдин уулу менен кыздары атасын төмөнкүдөй эскеришет.
“Атам мартта 60 жашка чыкмак. Жыл сайын туулган күнүндө түнкү саат 12де эле торт көтөрүп алып куттуктап, эртеси күнү улантчубуз. Видеолорубуз да бар. Ал ооруканага жатар алдында ыйламсырап, менден кечирим сураган. Эмне үчүн кечирим сураганын деле билбейм. Бирок ошол көз карашы көз алдымда сакталып калды”, — дейт уулу көзүнө жаш алып.
Марат Жантелиевдин үй-бүлөсүнүн эскерүүсүн видеодон көрүңүз.