«Атамдын сөзүнөн кийин кыздын ролун ойнобос болгом» дейт Болотбек Тилек 

Алгач актёр катары таанылып, кийин режиссёрлук жаатта жигердүү эмгектенип келе жаткан достор Сапар Сайназаров менен Болотбек Тилек достугу тууралуу маек курушту. 17 жылдан бери достук мамиледе келе жаткан мырзалар бири-биринин сырларын ачыкташты.

Достор «Салам, Бишкек» тасмасында аялдын образын жаратканы тууралуу айтып беришти. «Кыз болсо, жөн эле кыз болуп роль ойноп коебуз го деп ойлогонбуз. Жок, ошол жерде юбка кийип, каблук кийдик. Атам кинону көрүп, «Жакшы кино болуптур. Мындан башка роль калбай калды беле?» деген. Ошол сөз мени мылтык менен аткандай болду. Ошондой кийин мындай роль ойнобойм дегем», — деди Болотбек Тилек.