“Атасы көрсө болмок”. Сайра Момунбаеванын кызы циркте шоу тартуулады

Ырчы Сайра Момунбаеванын кызы Акбермет Кыргыз циркинде эмгектенүүдө. Бул тууралуу ал SUPERTV`га билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

“Кызым келишимдин негизинде циркте эмгектенип жатат. Кечээ Бегалы уулу Албан деген өнөктөшү менен биргеликте “Сулуу жана түрү суукту” сахналаштырышты. Аны койгону, сценарийи экөөнө, ал эми хореография кызыма таандык. Костюмдарды биздин команда тикти. Эл абдан жакшы кабыл алып, ал жактагы кызматкерлер да жылуу пикирлерин айтышты. Чынында эле цирк көптөн бери жандана элек болчу. Үзүрү жакшы болду. Тилекке каршы, кызымдын да, Албандын да аталары өтүп кетишпеди беле. Экөө тең ушул ийгилигибизди аталарыбыз көрсө болмок деп арман кылышты”, — дейт Сайра Момунбаева.

Сайра Момунбаеванын жолдошу, белгилүү композитор Азат Дөөткулов 2017-жылы 54 жаш курагында узакка созулган оорудан улам көз жумган.