«Аватардын» күйөрмандарына сүйүнчү! Тасма бир айдан кийин кинотеатрларда көрсөтүлөт

Режиссер Жеймс Кэмерондун «Аватар» тасмасы 23-сентябрда прокатка кайрадан чыгат. Блокбастер жаңы заманбап стандарттарга ылайыкталган. Бул тууралуу 20th Century Fox кинокомпаниясы жарыялап, жаңылык менен кошо тасманын жаңы трейлерин көрсөттү.

«Аватар» эки апта бою көрсөтүлөт жана бул «Аватар: Суунун жолу» жаңы тасмасы чыкканга чейинки маркетинг кампаниясынын бир бөлүгү болот. Аталган тасма ушул жылдын декабрь айында прокатка чыгышы күтүлүүдө.