Аваз Акимов менен Айдана Дека кыздуу боло турганын ачыкташты

Дагы бир жолу ата-эне болууга камынып жаткан ырчылар Аваз Акимов менен Айдана Дека наристенин жынысын ачыктады. Кош жылдыз социалдык тармактагы баракчаларына наристенин жынысын аныктап жаткан видеону жүктөгөн. Анда ырчылардын кыз күтүп жатканы көрсөтүлгөн.

Айта кетсек, Аваз Акимов менен Айдана Дека учурда Ариана аттуу кызды тарбиялап келишет.