Аваз Акимов менен Аяна Касымова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты

Маданият министрлиги жыл жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, бир катар өнөктөштөрдү жана маданият тармагынын өкүлдөрүн куттуктады. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Улуттук тарых музейинде Маданият, мааалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлерин, өнөктөштөрдү жана жалпы маданият тармагынын өкүлдөру куттуктап, “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин жана Министрликтин “Ардак грамотасын” тапшырды. Ырчылар Аваз Акимов менен Аяна Касымова “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланышты.