«Авиабилет кымбат». 20 жаштагы Жамиля Жыргалбекова «Miss Grand International-2022» сынагына катышпай калды

20 жаштагы Жамиля Жыргалбекова «Miss Grand International-2022» сынагына авиабилет маселесинен улам катыша албай калды. Бул тууралуу «Мисс Кыргызстандын» социалдык тармактагы баракчасында жазылды.

Маалыматка караганда, сынак Индонезияда өтмөк. “Мисс Кыргызстан” улуттук сулуулук сынагынын дирекциясы жарым жыл ичинде Кыргызстандын “Miss Grand International 2022” эл аралык сулуулук сынагына катышуусу үчүн бир катар иштерди жүргүздү. Жамиля Жыргалбекова былтыр “Мисс Кыргызстан-2021” улуттук сулуулар сынагында жеңишке жеткенден кийин дароо эле “Miss Grand International 2022” сулуулук сынагында жеңишке жетишүү үчүн бардыгын жасоого убада берген. Тилекке каршы, сынактын башталышына бир жума калганда Жамилянын ата-энеси кызын эл аралык сулуулук сынагына жибербөөнү чечишкен, себеби бир нече учак алмаштыруу (пересадка), узак рейс, ошондой эле кымбат авиабилет болгон. Жамилиянын апасы учак менен түз эле жетип калат деп үмүттөнүп жаткан. Жамилиянын мелдеште жеңип чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар эле. Бирок Кыргызстан финалга чыкпайт», — деп айтылат маалыматта.