Азат Раимбердиев «Ну-ка, все вместе!» долбоорунда 2-орунду алды

Кечээ, 24-ноябрда ырчы Азат Раимбердиев Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи. Биринчи орунду тажикстандык Фаррух Хасанов, үчүнчү орунду орусиялык Софико Кардава жеңип алды. Жеңиш үчүн 64 вокалист ат салышып, аларды 100 кесипкөй артист баалады.

«Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунун бешинчи сезону сентябрда башталган. Буга чейин Азат Раимбердиев долбоордун алкагында жарым финалга, кийин «Imagine Dragon» тобунун «Believer» чыгармасын аткарып, финалга чыккан. Эксперттер ырчынын аткаруусу оригиналдан да мыкты болгонун айтышкан эле.

«Ну-ка, все вместе» — элдик шоу, популярдуу британ «All together now» форматынын аналогу. Бардык стилдердин жана багыттардын өкүлдөрү өздөрүнүн вокалдык талантын көрсөтүшөт жана аларды жүз адам баалайт.