Актёр Азиз Бейшеналиев атасы Болот Бейшеналиев менен жолуккан күндү эстеди

Белгилүү актёр Болот Бейшеналиевдин уулу Казакстандык белгилүү актёр Азиз Бейшеналиев «Осколки» подкастына берген маегинде атасы экөөнүн жолугушуусу жана мамилеси тууралуу айтып берди.

«Мен атам менен 20 жашка чыкканда жолуктум. Мен ошондо өз көзүм менен жаралуу, менин жашоомдо болбогонуна өкүнгөн адамды көрдүм. Ошондо атамдан сурадым «эмне үчүн келчү эмессиң, эмнеге тарбия берүүдө катышкан жоксуң?» деп. Жок, мен муну жөн гана кызыкканымдан сурадым. «Мен сенин апаң менен жашарыңды билгем. Ошол учурда барсам башкача болмок. Жөн гана тоскоол болгум келген жок. Ашыкча маселе, уруш жаратпайын дедим. Мен силердин бой жетишиңерди, андан кийин мамилебиз болот деп  күттүм» деди. Албетте, бул баладан алыста болгон ата үчүн драма эмес, трагедия. Маңдайымдан жумшак, мурда башкалар кичинемден бери айтып келе жаткандай жаман эмес адамды көрдүм»,— деди ал.