Азиз Мурадиллаев: «2 айдын ичинде 15 килограммга арыктаганымды өзүм да байкабай калыптырмын»

Биз бул жолу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев менен маектештик. Ал театр жашоосу, акыркы жаңылыктары, эмнеге 15 килограммга арыктаганы, уулдары тууралуу айтып берди.

«Кичине сыркоолоп калып, диетага отуруу керек болду. Мен 20 күндүк эс алууга чыгайын деп жаткам. Убакыт жок болуп, жумуш да болуп жатат. Жумуш-жумуш деп жүрүп, өтүп кетет экенбиз. Арыктаган жакшы да, арыктай берейин да. Эки айдын ичинде 15 килограммга арыктадым. Табитим жок болуп жатып эле арыктап кетиптирмин. Өзүм деле байкаган жокмун. Анан кокуй дедим. Азыр 5-6 килограмм кошуп койсом, жакшы болуп калат», — деди ал.