Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев видео кайрылуу жасап, элге жана президентке ыраазычылык билдирди.
«Мага дуба кылып жатыптырсыңар, миң мертебе ыраазычылык. Президентке, бардык жардам берген адамдарга чоң рахмат айтам. Кудай буюрса, жакшылыкта жолугабыз деп ишенем»,- деди ал.