Азиз Мурадиллаевге арналып коюлган эстеликтин ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 13-апрелде «Ала-Арча» көрүстөнүндө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевге арналып коюлган эстеликтин ачылышы болуп өттү.

Ага Маданиятминистри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл чөйрө, актёрдун үй-бүлөсү, жакындары жана күйөрмандары катышты. Ал өз сөзүндө Азиз Мурадиллаев жаш туруп кыргыз маданиятына, мамлекетке кызмат кылып, өзүнүн артына из калтырып кеткенин айтып, эл сүймөнчүгү Азиз Мурадиллаевдин экинчи өмүрү башталганын жана ал узак экенин белгилеп өттү. Сөз алып сүйлөгөндөр актёрдун чыгармачылык жана адамкерчилик бейнесинне токтолушуп, адамдык асыл сапаттарын эскерип өтүштү.

2022-жылдын 17-декабрында театр актёру, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев каза болгон.