«Азыр үй-бүлөлүүмүн». Ырчы Каныкей 25 жана 35 жаш курагын салыштырды

Кыргыз эстрадасындагы өзгөчө стилдүү, өзгөчө үндүү ырчы Каныкей акыркы жылдардагы жашоосундагы чоң бурулуштарды айтып берди. «Ден соолукка байланыштуу көп сыноолорго туш болгондон кийин ар бир мүнөттү баалап жашап калдык» дейт ырчы айым.

«Мындан 10 жыл мурда, тактап айтканда 25 жашымда менде эмне бар эле деп ойлондум. Борбордон батирлүү болгонум эсиме түштү. Ал учурда элге таанылып калган ырчы болчумун, айлыгым да жакшы болчу. Өзүм үчүн аябай сыймык болгон. 25 жашымда жеткен ийгилигиме аябай сыймыктангам. Быйыл дагы ошол тууралуу ойлондум. Үй-бүлөлүү айымды көрдүм. Мурда батирим болсо, азыр үйлүү болдум. Албетте, жалгыз жеткен жокмун. Жолдошум бар жанымда. Жан дүйнөм тынч», — деди ал.