«Баары чын жүрөктөн болчу». Биржан Байболдун продюсери үн катты

Кечээ, 25-сентябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда ырчы Нурайым Акылбекова жеке концертин берди.

Социалдык тармактын колдонуучулары концерт учурунда чогуу ырдап жүргөн Биржан Байболду ак элечек кийген апа менен кошо киргизбей койгонун жазышып, видео менен бөлүшүштү.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Биржан Байбол менен байланышканыбызда, кирбей калганын тастыктап, «ошондой болуп калды» деди. Нурайым Акылбекованын өзү жогорудагы окуя боюнча үн ката элек. Ал эми анын социалдык тармактагы баракчасында менеджери катары көрсөтүлгөн адам менен байланышканыбызда, комментарий бербей турганын айтышты.

Ал эми Биржан Байболдун продюсери Канат Култаев социалдык тармактагы баракчасына баары чын жүрөктөн болгонун жазды. «Баарына күбөмүн, жаман ой жок, баары чын жүрөктөн болчу»,- деп жазды ал.