«Байге фонду 1 миллион сом». Өлкөдөгү хор коллективдердин арасында сынак өтөт

Маданият министрлигинин тапшырмасына ылайык Улуттук маданий борбордун уюштуруусунда Кыргыз ССРинин эл артисти, биринчи хормейстер Султан Юсуповдун 105 жылдыгына карата Студенттик хор коллективдери арасында II республикалык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Улуттук маданий борбордон билдиришти.

«Аталган иш-чарага өлкөбүздүн 7 облус, 2 шаарынан 600гө чукул адамдан турган 12 хор коллективи катышат. Кароо-сынактын тандоо туру 23-май күнү саат 11:00дө Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваторияда өткөрүлөт. Ал эми сыйлоо аземи 24-май күнү саат 18:00дө Тарых музейинин алдында болуп, гала-концерт менен коштолот. Фестивалга катышкан бардык хор топтору Бишкек шаарынын конокторуна жана тургундарына концерттик программа тартуулашат. Анда кыргыз жана дүйнөлүк композиторлорунун чыгармаларын аткарышат», — дешти.

Байге фонду 1 миллион сомду түзөт.