Байыш Момунов менен Клара Алибекованын «Биринчи сүйүүм» ырын жаңылап чыгышты (видео)

Байыш Момунов менен Клара Алибекованын «Биринчи сүйүүм» ырын «Кумарат» тобу заманбап кылып, ырдап чыгышты.

Жаңыланган ыр боюнча ырчы Клара Алибекова соцтармактагы баракчасында ырчыларга ийгилик каалады. «Бир кездерде биз Байыш Момунов экөөбүз аткарган «Менин биринчи сүйүүм» ырыбыз азыркы заманбап стилинде мыкты ырдалыптыр, жаштарга ийгилик», — деп жазды ал.

Байыш Момунов да ийгилик каалады. «Автордук ырымды ырдап чыгышыптыр, ийгилик», — деп жазды ал.