Ырчы Байыш Момуновдун апасы каза болду

Ырчы Байыш Момуновдун апасы каза болду. Бул тууралуу ал өзү социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.

«Кудай бейишинен орун берсин. Алтын апам алыстарга кетти», — деп жазды ал.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жамааты Байыш Момуновдун апасы каза болгонуна байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.