Бактияр Токторов Андрей Малаховдун берүүсүндө «Буй-буйду» жаңыртты (видео)

Бактияр Токторов Андрей Малаховдун «Песни от всей души» берүүсүндө «Буй-буй» ырын ырдады. Бул тууралуу ырчы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирди.

«Берүүгө «Буй-буй» ыры менен чакырышты. Тартылып келгениме көп болду. Эртең саат 21:00дө көрсөтүлөт. Кыргызстанга келип тартып кетишкенине 1 айдай болуп калды», — деди ал.