Бактияр Токторов: «Берүүгө толтура орус сөздөрдү алып баргам, Малахов суроо бергенде бири да жок»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов жакында гана Андрей Малаховдун «Песни от всей души» телеберүүсүнө катышып келди. Ырчы мырза сахна артындагы кызыктуу окуялар, берүүдөн кийинки сезимдери менен бөлүштү.

«Абдан ыкчам иштешет экен. Барганда эле тосуп алышты. Кечке чалып атышты. Малахов менен сүйлөшкөн деле жокмун. Сүйлөшкөнүбүз эфирде эле болду. Анан грим башталды. Мен башында эле «бетиме грим койбогула» дедим. Болбой коюшту. Бир нерселерди сүрттү. Музыканы да сонун берди. Сонун болду. Бирок кичине толкунданып жаттым. Анткени кыргызча араң сүйлөйм да, «орусча жакшы билбейм» деп айттым. Башында жакшы эле кыргыздардын арасында отургандай эле отургам. Толтура орус сөздөрүн жыйнап алып баргам да, анан эле Малахов суроо бергенде бири жок»,- деди ал.