Бактияр Токторов: «Малаховдун берүүсүнө чакырышканда «ойлонуп көрөйүн» дегем»

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактияр Токторов жакында гана Андрей Малаховдун «Песни от всей души» телеберүүсүнө катышып келди. Ырчы мырза сахна артындагы кызыктуу окуялар, берүүдөн кийинки сезимдери менен бөлүштү.

Анын айтымында, Ри аттуу кыз интернет аркылуу байланышып, түшүндүрүп берүүгө чакырган, бирок Токторов ойлонуп көрүшү керектигин айткан.

«Азыр тойдун сезону шашпай ноябрь айында кылсакпы» дедим. Анткени ал жакка 3 күн кетерин айтты. Анан эле 3 күн бошоп калып, чалып тартылып калдым», — деди ал.

Ал ошондой эле берүү билетин, тамак-ашын жана жаткан жерин төлөп бергенин айтат. «Өзүм эле төлөйүн десем болбой коюшту. Алар да келип кетишти. Үй-бүлөмдү тартып кетишти», — деди ал.