Бактияр Токторовдун Андрей Малаховдун берүүсүндө ырдаган видеосу

Бактияр Токторов Андрей Малаховдун «Песни от всей души» берүүсүндө «Буй-буй» ырын ырдады. Анын катышуусундагы берүү кечээ, 25-сентябрда Россия телеканалынан көрсөтүлдү.

Берүүнүн алкагында журналисттер Кыргызстанга келип, Токторовдун үй-бүлөсү менен таанышып кетишкен. Видеодон көргөндөй, Токторов аларды үй-бүлөсү, ата-энеси менен тааныштырып, атасынын комуз, апасынын ооз комуз черттерин айтып, күү тартуулашкан.

Ырчы буга чейин редакцияга «Берүүгө «Буй-буй» ыры менен чакырышты. Тартылып келгениме көп болду. Кыргызстанга келип тартып кетишкенине 1 айдай болуп калды» деген.