«Балалык» ыры менен таанылган ырчы Жамил Карабалаев: «Орусияда эки жыл уборщик болуп иштедим»

«А менин бала бойдон калгым келет, балалык көз алдыма элестелет» деген ыр саптары менен коомчулукка таанылган Жамил Карабалаевден SuperTV каналы эксклюзивдүү маек алды. Маек учурунда автор каржылык тартыштыктан улам Орусияда эки жыл иштеп келгенин айтты.

«Бир убакта Кочкордо театрда иштеп жүрдүм. Үч балам бой тиреп, чоңойгон сайын келинчегим экөөбүздүн иштеп тапкан акчабыз жетпей баштады. Ошондо Орусияга барып иштеп келбесек болбойт деп кеткенбиз. Мен Орусиядагы Егорьевск шаарындагы Кроношпан жыгач чыгаруучу заводдо 2 жыл бою уборщик болуп иштедим. Апам карып калгандыктан, карабасам болбойт деп, бир жыл мурун мекениме келгем. Жубайым дагы деле ал жакта иштеп жатат», — дейт ырчы.