«Балам — бактым, балам — базарым…» Жылдыздардын балдарына куттуктоосу

1-июнь балдарды коргоо эл аралык күнүнө карата кыргыз шоу-бизнесинин өкүлдөрү социалдык баракчалары аркылуу балдарын майрамдары менен куттуктоодо. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги айрымдарынын сүрөттөрүн чогултту.

Учурда ырчылык кесиби менен жеке жашоосун тең алып жүргөн, блогер катары да ишмердүүлүк кылган Айдана Дека эки кызы жана жолдошу Аваз Акимов менен эс алууда жүргөн сүрөтүн жарыялады.

Ырчы Замир Мырза «Балапандарыбыздын, өлкөбүздүн келечегинин майрамы менен! Мекенибизде ар бир бала бактылуу балалыкта чоңойсун!» деп эки уулу менен түшкөн сүрөтүн жүктөдү.

Ырчы, обончу Айбек Карымовдун жубайы, кесиптеши Гүланда да балдарына кең келечек каалап, сүрөттөрү менен бөлүштү.

Ырчылык карьерасында тыныгуу жасап, кайра күчтөнүп ишке киришкен Айя Садырова бардык балдарга бактылуу жашоо каалап, уулу Искандер менен сүрөтүн жарыялады.

«Жашообуздун жарыгы болгон балдарыбыздын бүгүнкү майрамы кут болсун!» деген ырчы айым Айнура Салахидинова үй-бүлөлүк сүрөтү менен бөлүштү.

Ырчы Мээрим Карыпова «Ата-эненин бактысы — балдарынын амандыгы, дени сактыгы. Бактыңар тоодой болсун!» деп балдарына бакыт тилеген билдирүү калтырды.

Учурда 2 уул, 1 кызды тарбиялап келген ырчы Айпери Кубик кызы эки уулу менен эс алуу учурунан видео жүктөп, балдарына бактылуу балалык каалады.

Ырчы Назира Токонова «балдарыбыз эч качан оорушпасын» деп, үй-бүлөсүнүн сүрөтү менен бөлүштү.

Ырчы Жийдеш Идирисова 5 жаштагы кызы Адель менен бүгүнкү күндү майрамдап жаткан жеринен кызыктуу сүрөт жүктөдү.

Эки кыздын энеси куудул, алпаруучу Гүлжайна Атаканова да «кыздарым — менин бактым» деп кыздарын майрамы менен куттуктап өткөн.