«Сексуалдык максатта балдарды саткан». Атактуу америкалык рэпер 30 жылга эркинен ажыратылды

Америкалык белгилүү рэп аткаруучу, «Грэмми» сыйлыгынын 3 жолку ээси R.Kelly 30 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«I believe I can fly» ыры менен дүйнөгө атагы чыккан 55 жаштагы рэпер 9 кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын арасында рэкетчилик, сексуалдык жактан пайдалануу максатында адамдарды сатуу, балдар порнографиясы кылмыштары бар.

Маалыматка ылайык, рэпер атагын пайдаланып жашы жете элек балдар, кыздарды колдонгон. 15 жашар маркум ырчы Алияга үйлөнүү максатында анын документтерин жасаган. Тергөөнүн жыйынтыгында R.Kelly 25 жыл бою мыйзамсыз иштер менен алектенип жүргөнү аныкталган.

2021-жылы сентябрда анын күнөөсү аныкталып, өмүр бою эркинен ажыратуу чечими күтүлгөн. Шектүүнүн жактоочулары рэпердин бала кезинде бир нече ирет бир тууганы тарабынан зордукталганын, аны атып кетишкенин жана досунун өлүмүнө күбө болгонун айтышып, анын кылмышын жеңилдетүүнү суранышкан. Жыйынтыгында сот рэперди 30 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.