Баракелде! Кыргызстандык Александр Волкодав «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү болду

Кыргызстандык Александр Волкодав Орусиянын «Голос 10» долбоорунун жеңүүчүсү болду. Сынактын эң акыркы бөлүгүндө кыргызстандык Александр Волкодав, казакстандык Алишер Каримов жана Ернар Садирбаев жана Орусиянын Норильск шаарынан Элина Пан катышты.

Финалдык концерттин башында ар бир катышуучу насаатчысы менен сахнага чыгып, Волкодав Пелагея менен бирге «Arcade» ырын аткарышты.

Андан кийин кыргызстандык катышуучу «Казачья» деген чыгарманы, жыйынтыктоочу бөлүгүндө «Луч солнца золотого» деген ырды аткарды. Көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча Волкодав 53,3 пайыз добуш алып, долбоордун жеңүүчүсү болду.

Волкодав ырчы Пелагеянын тобуна кошулуу сунушун кабыл алган. Кыргызстандык эми «Пелагея» тобунун солисти.

Буга чейин «Голос» долбоорунун жеңүүчүсү SUPERTV каналына маек берген, толугу менен видеодон көрүңүз.