«Баш байге 1 миллион сом». Бишкекте төкмө акындар айтышы өтөт

Бишкекте Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти, төкмө акын, обончу, комузчу, кыл кыякчы Токтосун Тыныбековдун 95 жылдыгына карата, «Айтыш — 2022» республикалык төкмө акындар айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, айтыш Маданият министрлиги, “Манас” театры, “Айтыш” коомдук фонду, Токтосун Тыныбеков атындагы коомдук фонду биргеликте пезиденттин «Улуттук нарк жөнүндө» жарлыгынын алкагында өтөт.

Тандоо туру бүгүн, 8-ноябрда “Манас” кинотеатрында саат 10:00дө башталган. Айтыштын жарым финалы жана финалдык бөлүгү 9-ноябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 18:00дө башталат. Байге фонду 1 миллион сом.