Башкы ролдо Турусбек Жумалиев… “Король Лир” спектаклинин премьерасы өттү

Кечээ, 4-май күнү дүйнөлүк классиканын шедеври Уильям Шекспирдин жаңы иштелип чыккан “Король Лир” спектаклинин премьерасы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Спектаклди Жаш көрүүчүлөр театрынын актёрлору ойношту. Король Лирдин ролун Кыргыз Эл артисти Турусбек Жумалиев аткарды. “Король Лир” спектаклин Москвадан, Санкт-Петербургдан чыгармачыл топ (режиссер, сүрөтчү, хореограф) атайын чакыруу менен келип иштешкен. Спектакль бүгүн, 5-майда да тартууланат.

Шекспирдин “Король Лир” пьесасы 1606-жылы жазылып, биринчи жолу 1608-жылы басылып чыккан.