Баткен шаарында «Салттуу музыка күнү» жана эл аралык «Достук» фестивалы өтөт

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 23-апрелден 25-апрелге чейин Баткен шаарында “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалын өткөрөт.

Фестивалга Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканы алып жүргөн дасыккан чеберлер жана өсүп келе жаткан жаш таланттар катышат.

Иш-чара калкка руханий гүлазык катары баалуулуктардын башатында турган оозеки салттагы профессионалдык музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу максатын көздөп, коңшу жашаган элдердин ынтымакты бекемдөө менен, алардын салттуу музыкалык искусствосун таануу болуп саналат.

Ошондой эле, иш-чара салттуу маданияттагы кол өнөрчүлүктү даңазалоо аркылуу уста, чеберлерге дем берүүнү көздөп, элдердин достугун, ынтымагын биримдигин бекемдеп, жаш муундардын интернационалдык тарбиясын жакшыртууга багыт алат.