Баткенде 1 тонналык сүмөлөк кайнатуу башталды. Элестете албай жатсаңыз, сүрөттөргө көз салыңыз

Бүгүн, 20-мартта Баткен шаарынын борбордук стадионунда Нооруз майрамына карата 1 тонналык сүмөлөк кайнатуу башталды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.
Алгач атайын ырым-жырым кылып, майга нан бышырылды. Сүмөлөктү кайнатуу учурунда жалпы кыргыз элин кешик ырыскысы катары бир казандап даам сызып, бир түндүктүн алдында биригип, кыргыз элинин ынтымагын жана биримдиги тиленип, жети дубандын жана эки шаардын суусу куюлду. Нарындын Көкөмерен суусу, Ордолуу Оштун Ак-Буура дарыясынын, Ысык-Көлдүн суусу, Жалал-Абаддан Көк-Арттын, Чүй облусунун, Талас облусунун, Бишкек шаарынын Ала-Арча суусу жана Баткен облусунун Козу-Баглан суулары коюлду. Салтанаттуу жана ырым жырым коштогон иш-чара Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкуловдун катышуусунда башталды. Ага манасчылар, төкмө акындар, белгилүү өнөр адамдары жана “Шайыр апалар” катышты.
Сүмөлөк кайнатуу таң атканча өтүп, маданий иш-чара менен коштолот. Элибиздин аруу тилеги айтылган сүмөлөк эртең, 21-март күнү ачылып, меймандарга таратылат.