Баян Акматов: «Төкмө акындар биригип Замир Үсөнбаевдин 70 жылдыгына жорго мингиздик»

Кечээ, 31-май күнү төкмө акындар Кыргыз Эл артисти, төкмө-акын Замирбек Үсөнбаевдин 70 жылдыгына карата жорго мингизишти.

«Кечээ Замирбек агай биздин театрга өрлүктөп келмек. Ага чейин төкмө акындар чогулуп, жыл сайын устаттарыбызга тулпар мингизип туралы деп сүйлөшкөнбүз. Агайга даярдап койгон жоргону мингиздик. Устатыбыз буга чейин толтура сыйлык алган. Биз мингизген жорго акынды өзгөчө толкундантты. Мурун төкмөлөр ар жакта чачырап жүрчүбүз да. Эми «Манас» театрында баарыбыздын башыбыз биригип, жакшы иш-чараларды уюштуруп турабыз», — дейт Баян Акматов.