«Бегимай Бекбоеванын жашоосу атасы менен апасы урушуп кеткенден баштап өзгөргөн» дешти достору

17-январь күнү ырчы Бегимай Бекбоева 33 жашында жүрөк оорудан каза болду. Анын сөөгү туулган жери Кочкордо жерге берилди. Маркумду анын жанында жүргөн сахналаш достору эскерди.

«Бегимайдын жашоосу атасы менен апасы урушуп кеткенден баштап, башка нукка өзгөрдү. Башында чыйралып иштеп жүрдү. Бегимай жалгыз калды. Жалгыздыктан ушул нерсе башталып кетти. Ошол учурда өзүнө түгөй тапты, уулдуу болду. Анан кайра экөө эки жолго түштү. Кара дуба менен ийгилигин бирөө уурдаган. Өзүнүн айтымында, кара дуба бар болчу», — дешти достору.