Бегимай Турусбекова: «Жылдыз болгонума эмес, кош бойлуу болгонума сүйүндүм»

«Ынтымак» паркында ырдап интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова учурда экинчи наристесин күтүүдө. «Дүйнөдөгү эң сулуу айым» долбоорунун алкагында ырчы айым менен маектештик.

Анын айтымында, жубайлар учурда бир кызды тарбиялап келишет жана наристени көптөн бери күтүп жатышкан. «Мен шаарга дарыгерге көрүнүп, анализ тапшырайын деп келгем. Дүйшөмбү күнү барышыбыз керек болчу. Анан эле үйдө отуруп мен «эшикке чыгып келбейлиби» деп калдым. Мени Кудай өзү ошол паркка тартты окшойт. Мен дарыгерге эмес, паркка биринчи барыптырмын. Анан дүйшөмбү күнү бардык. Барсак анализ тапшырыш керек деди. Ошого даярданып жаткан учурда эле үйдөн кош бойлуу экенимди билип калдым. Чындыгында, жылдыз болгонума эмес, кош бойлуу болгонума сүйүндүм»,- деди ал.