Бегимай Турусбекова: «Күйөөм мени төрөп алсын деп «капризиме» чыдап жүрөт»

«Ынтымак» паркында ырдап интернет жылдызына айланган Бегимай Турусбекова учурда экинчи наристесин күтүүдө. «Дүйнөдөгү эң сулуу айым» долбоорунун алкагында ырчы айым менен маектештик.

«Кош бойлуу экенимди билгенде жолдошума сюрприз кылайын деген пландар бар болчу. Бирок ага ошол учурда шартым болбой калды. Жолдошум аябай сүйүндү. Мени аяп, колумда оор нерсе болсо, көтөрө калып, азыркыга чейин ушинтет. Ушинтип аяп жатса, башкача сезимдер болот. Менде талгак бар, буюрса андан азыр өтүп калдым. Чыгармачылык жактан мага тыныгуу керек. Эсептесек 6 ай керек экен»,- деди ал.

Анын айтымында, ырдаганда ичке абдан күч келет, ошондуктан тойлордо ырдоону токтоткон. «Дарыгер деле «ырдаба күч келет» деди. Тойлордо ырдап жатканда кээ бир адамдар маанайыңды түшүрүп коет. Негизи эле кош бойлуу келиндердин мүнөзү бузулуп калат эмеспи. Менде анда-санда болуп жатат. Жолдошума да анда-санда көрсөтүп коем. Бирок ал чыдап жатат»,- деди ал.