Бейонсе концерти кечигип башталганы үчүн күйөрмандарынын жол киресине 100 миң доллар коротту

Los Angeles, CA, Sunday, March 14, 2021 - Beyonce makes History with the Best E&B Performance winning 28 Grammys, more that any female or male performer, accepts the award for Best R&B Performance at the 63rd Grammy Award outside Staples Center. (Robert Gauthier/Los Angeles Times via Getty Images)Los Angeles, CA, Sunday, March 14, 2021 - Beyonce makes History with the Best E&B Performance winning 28 Grammys, more that any female or male performer, accepts the award for Best R&B Performance at the 63rd Grammy Award outside Staples Center. (Robert Gauthier/Los Angeles Times via Getty Images)

Белгилүү америкалык ырчы Бейонсе концертинен кийин Вашингтон шаарындагы метронун иштөөсүн бир саатка узартууга 100 миң доллар коротту. Мындай кадам анын миңдеген күйөрмандары үйүнө жетип алышы үчүн жасалган. Бул тууралуу ABC7 жазды.

Вашингтондогу ырчынын концерти саат 20:00дө башталмак, бирок чагылган менен коштолгон катуу жаандан улам эки сааттан кийин башталган. Метро саат 00:00гө чейин иштейт. Бул аралыкта күйөрмандар чатырдын астында ысык жана нымдуу шартта күтүүгө аргасыз болушкан. Айрымдарына ысык өтүп, бир адам ооруканага да жеткирилген. Мындан улам, атактуу метронун кошумча сааты үчүн төлөп, дээрлик 100 станция ачылган.