Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев орусиялык берүүнүн финалына чыгышты

Ырчылар Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев Орусиянын «Ну-ка, все вместе!» музыкалык долбоорунун финалына чыгышты.

Бек Исраилов орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун «Немного жаль» аталышындагы ырын аткарып, калыстардын 93 упайына ээ болду. Азат Раимбердиев «Imagine Dragon» тобунун «Believer» чыгармасын аткарып, 100 упай алды.

Буга чейин  Бек Исраиловдун Орусиядагы «Ну-ка, все вместе!» сынагына катышып жатканын СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине анын менеджери билдирген. Кийин ал жарым финалга чыккан болчу. Азат Раимбердиев да жарым финалга чыккан эле.

«Ну-ка, все вместе» — элдик шоу, популярдуу британ «All together now» форматынын аналогу. Бардык стилдердин жана багыттардын өкүлдөрү өздөрүнүн вокалдык талантын көрсөтүшөт жана аларды жүз адам баалайт.