Бекжан Темирхандын иниси: «Агам мени жүлжүк деп эркелетчү»

Ырчы Бекжан Темирхандын иниси Арсен Темирхан 11 жашта. Ал агасынын каза болгонуна азыркыга чейин ишене албай жатканын айтып, агасынын кандай кыял-максаттары бар болчу экенин эстеп, көзүнө жаш алды.

«Менин атым Арсен. 5-класста окуйм. Аксы районунан болом. Бекжан агам ырдатам дей берчү. Мен да анын ырдаганына кызыгып, ырдап калгам. Өзү да мени ырдатам деп, шаарга алып келип, ырдатчу. Бекжан агам мени жүлжүк деп эркелетчү», — деди ал.