Бекжан Темирхандын иниси: «Мен агамдын ордун баскым келет»

11-декабрь күнү Бишкек шаарында жол кырсыгынан каза болгон ырчы Бекжан Темирханды эскерүү концерти болуп өттү. Маркум ырчынын ата-энесине борбордон үй алып берүү максатында уюштурулган концертке эл абдан көп келди.

Бекжан Темирхандын иниси Арсен агасынын ордун баскысы келерин айтты. «Мени кичинемде эле ырдатам деген»,- деди ал.