Толгонай Арзыкеева: «Тасмага чейин Бектурга маани берчү эмес экенмин»

“Кошунаны тандабайт” сериалы аркылуу эл оозуна алынып келе жаткан актёр Бектур Усенов менен аталган сериалда роль жараткан ырчы, актриса Толгонай Арзыкеева менен маектештик. Алар аткарган ролдору, экрандагы каармандары менен жашоодогу окшоштуктары жана бири-бири тууралуу айтып беришти.

Толгонай Арзыкеева “Бектурду мурда тааныганым менен анчейин деле маани берчү эмес экенмин. Тасма тартылар алдында “менин өнөктөшүм ким болот?” деп сурасам, башка актёрлорду айтышкан. Бирок биринчи съёмка күнү эле тил табышып кеттик” дейт.

Ал эми Бектур Усенов “Толгонай кантсе да элге аты таанымал эмеспи. Андыктан бир аз өзүн “жылдыз” сезген кыз болуш керек деп ойлогом. Тасма аянтчасында чогуу жүрүп, өтө эле жөнөкөй кыз экенин билдим” дейт.

Маекти толугу менен видеодон көрүңүз: