Актёр, режиссёр Эрмек Таалайбековдун жубайы, блогер Бекзада Жолборсова төрөтканадан чыкты. Бул тууралуу актёр социалдык тармактагы баракчасына жазып, видео менен бөлүштү.
«Сени аябай күттүк, кызым», — деп жазды ал.
Түгөйлөр 2017-жылы баш кошушкан. Алар наристе күтүп жатканын ачыкташкан болчу. Ал эми 3 күн мурда блогер көз жарган.